Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

АКШнын президенти Израилди Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутпоого чакырды


Израиль Сириянын аймагында, террорчулардын лагери деп эсептелген жерге абадан сокку урган соң чөлкөмдө түзүлгөн кырдаалды комментарийлеп Жорж Буш Израиль өзүн коргоого укуктуу экенин белгиледи.АКШнын президенти Ак үйдөгү басма сөз жыйыны учурунда буларга токтолду:

- Мен такай жасап жүргөндөй, премьер министрге Израиль Атамекенин коргоо ишинде аргасыз болуп калбашы керектигин ачык эле билгиздим. Бирок мен Израилдин ар бир аракети кырдаалдын курчушуна жана тирешүүнүн жаралышына алып барбашы өтө маанилүү экенин айттым.

Ал эми дүйнөнүн көпчүлүк, анын ичинде араб өлкөлөрүнүн лидерлери Израилдин аракетин сынга алышты. Араб лигасынын башкатчысы А.Мусанын айтымында, Израилдин кадамы эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр Израилди айыптагын резолюция долбоору боюнча консультацияларды өткөрүп жатат. Документ Сирия тарабынан даярдалган. Мунун аралыгында Израилдин Ливан менен болгон чек арасында бир жөөт аскери курман болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG