Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

«Хьюман Райтс Уотч» уюму А.Акаевге кат жиберди


БИШКЕК. Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Уотч» уюму президент Аскар Акаевге кат жолдоду. Өз катында уюм айрым өкмөттүк органдардын бейөкмөт уюмдарга кысымын токтотуш үчүн чара көрүүнү сунуш кылган. Бул тууралуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, эл аралык уюмдун А. Акаевге жиберген катынын көчүрмөлөрү ЕККУнун Варшавадагы жыйынынын катышуучуларына таркатылды. Катта «Демократия жана атуулдук коом» коалициясын кайра каттоодон өткөрүүгө байланышкан жагдай эске салынган. Коалицияны Юстиция министрлиги кайра каттоодон 2-октябрда өткөрдү. Ага чейин министрлик «уюмдун уставынын айрым беренелери Конституцияга кайчы келет» деп, коалициянын арызын үч жолу кайра кайтарган. Бул маселе кийинчерээк Демократиялык коопсуздук боюнча улуттук кеңештин отурумунда көтөрүлүп, анда коомдук комиссия түзүлгөн. Комиссия өз тыянагында айрым кызматкерлердин ишке кесипкөй мамиле кылбагандыгын бул талаш-тартыштын себептеринин бири катары көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG