Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

«Аскар Акаевдин жанындагылар аны бийликте калтырууга аракет кылышат», деп билдирди Феликс Кулов


БИШКЕК. «Эгерде Аскар Акаев кийинки мөөнөткө бийликте калууну кааласа, ал менин түрмөдө дагы көпкө кармалышыма аракет кылат». «Арнамыс» партиясынын азыр түрмөдө жаткан башчысы Феликс Кулов «МСН» гезитиндеги бүгүнкү маегинде ушундай пикир айткан. Ф.Куловдун көз карашында, азыр жогорку бийлик өкүлдөрүнүн арасынан А.Акаевге саясий мураскор табылбай жатат. «А.Акаевдин тегерегиндегилер болсо бири-биринен чочулап, ишенбей жатышат жана өз арасынан бирөө президент болушун каалашпайт. Ошондуктан президенттин жанындагылар келерки мөөнөткө да А.Акаевди бийликте калтырууга аракет кылышы - мыйзам ченемдүү жана аргасыздан болуп жаткан көрүнүш», дейт Ф.Кулов.

XS
SM
MD
LG