Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:41

Ирандын соту коопсуздук кызматкеринин сотун кийинкиге калтырды


ТЕГЕРАН. Иранда "журналист Захра Каземини өлтүргөн" деп күнөөлөнгөн коопсуздук кызматкеринин иши боюнча сот процесси башталды. Канаданын жараны, журналист Захра Каземи 10-июлда түрмөдө тергөө учурундагы уруп- сабоолордон каза болгон. Прокурор Жафар Решадати айыпкерди бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылган. Бирок айыпкер Реза Ахмадинин коргоочусу иш менен толук таанышып чыгуу үчүн кошумча убакыт берүүнү суранган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды, бирок ага канча убакыт бериле турганын тактаган жок. Журналист Каземи Ирандагы студенттик демонстрациялар учурунда фотосүрөт тарткандыгы үчүн камалган.

XS
SM
MD
LG