Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Пакистанда сунни депутаттын курман болгонуна наарызы болуп жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты


ИСЛАМАБАД. Сунни согушкер тобунун лидери, парламент мүчөсү Азам Тарыктын тажиясына бүгүн миңдеген пакистандыктар катышты. Исламабаддагы диний жөрөлгөдөн кийин Тарыктын сөөгү тик учак менен Жаң шаарына жеткирилди. Жаңда тажыя маалында чыккан баш аламандыктарда полиция менен демонстранттардын ок атышуусу болгондугу маалымдалат.
Тарыкты кечээ Исламабадда машинеде бараткан жерден бирөөлөр атып кетишкен. Кол салуудан анын үч сакчысы да өлгөн. Тарык жетектеген «Шапа-е Сакаба» тобу былтыр мыйзамсыз деп жарыяланган беш уюмдун бири болчу. Ооганстандын талибан уюму менен тыкыз байланышта турган бул топ, акыркы убакта шиилерге каршы Пакистанда жасалган террордук кол салуудардын артында турат деп шектелет.

XS
SM
MD
LG