АНКАРА. Бүгүн Түркиянын парламенти Иракка аскер жиберүү маселесин талкуулап жатат. Түркиянын өкмөтү буга "аскерлер Иракта бир жылдан ашык мөөнөткө калбайт" деген шарт менен макул болду. Түрк аскерлери күрттөр жашаган түндүк райондордон башка чөлкөмдөрдө жайгаштырылмакчы. Ирак күрттөрүнүн Атуулдук биримдик партиясы Түрк аскерлеринин жайгаштырылышына каршы чыгууда. Партиянын өкүлү Бахрам Салех бул жөнүндө түрк өкмөтүн кабардар кылуу үчүн атайын Анкарага келди. Түрк аскерлеринин Иракка жиберилишине түрк жарандарынын бир тобу да каршы.