МОСКВА. Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Орусия АКШнын Ирак боюнча сунуш кылган резолюциясына канааттанбаганын билдирди. Ливандын тышкы иштер министри Жин Обеид менен сүйлөшкөн соң жасаган билдирүүсүндө Орусиялык министр сунуш кылынган документ боюнча Ирак элине жетиштүү күнкорсуздук кайтарылбай жаткандыгын айтты. Министр Ирактагы процессттерде ООНго жетекчи роль ыйгарылууга тийиш деп кошумчалады.