Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

Иракта болгон жардырууда бир америкалык солдат набыт кетти


БАГДАД. АКШы аскерлеринин маалымдашынча, кечээ баш калаадан 110 чакырым жерде турган Рамади шаарында болгон жардырууда бир америкалык солдат курман болду. Анын аралыгында, бүгүн Багдадда Ирактын тышкы иштер министрлиги гранатомет менен аткыланды. Ошондой эле баш калаада Ирактын мурдагы өкмөттүк кызматкерлери айлык акыларын төлөп берүүнү талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүштү. Президенттик Сарайдын сыртында чогулган жыйынды АКШ аскерлери кубалап таркатышты. Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында Ислам революциясынын жогорку Кеңешинин кызматкери кол салууда курман болуп, дагы бирөө жарат алды. Ислам Революциясынын Жогорку Кеңешинин башчысы Мухамед Бакир ал-Хаким Нажафта 29-августта болгон терактта курман болгон.

XS
SM
MD
LG