Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Украинанын Европа Биримдигине кошулуу мүмкүнчүлүгү бар


Украина эртеби-кечпи, акыр аягында Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ Евросоюз менен Украинанын Ялтада аяктаган саммити учурунда белгиленди. Бирок Украинанын Европа Биримдигине кошулуусунун так мөөнөтү жөнүндө сөз болгон жок. Еврокомиссиянын төрагасы Романо Продинин айтымында, Украина Евросоюзга кирүүнүн алдында, рынок экономикалуу өлкө деген статус алышы, Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу, эркин соода аймагын түзүп, мыйзамдарын Европаныкына окшоштурушу керек.

XS
SM
MD
LG