Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:51

АКШ БУУнун Ирак боюнча даярдалып жаткан резолюциясына олуттуу өзгөртүү киргизбейт


Бул тууралуу Вашингтондун БУУдагы өкүлү Жон Негропонте билдирди. Ж.Негропонтенин айтымында, Коопсуздуук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн алымча –кошумчалары, атап айтканда, БУУнун ролун жогорулатуу маселеси резолюцияда буга чейин эле камтылган. Франция, Германия, Орусия резолюциянын АКШ даярдаган долбоору менен макул эмес жана өлкөдөгү бийлик тезинен ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилишин жактоодо. Ал эми АКШ Иракты кайра куруу үчүн эл аралык коомчулуктан жардам келишин көздөп жатат, бирок бийликти тезинен жергиликтүү өкмөткө берүү жөнүндөгү чакырыктарды колдобойт.

XS
SM
MD
LG