Швециянын падышалык академиясы химия боюнча быйылкы Нобель сыйлыгын америкалык окумуштуулар Питер Агр менен Роберт Маккинонго ыйгарганын жарыялады. Ал эми жаңы эле белгилүү болгондой, 2003-жылкы экономика жаатындагы Нобель сыйлыгына америкалык илимпоз Роберт Энгл жана британиялык изилдөөчү Клайв Грангер татыктуу деп табылышты. Билдирүүдө америкалык эки химик-окумуштуу дүйнөлүк сыйлыкка адамдын организминдеги туз менен суунун молекулярдык деңгээлде алмашуусун изилдөө жаатындагы ачылыштары үчүн татыганы айтылат. Ал эми экономикалык изилдөөчүлөр баалардын өнүгүүсү, дүйнөлүк биржалардагы өзгөрүүлөр, мезгил-мезгили менен экономикада келип чыкчу көрүнүштөрдү талдаганы үчүн сыйланышты.