Өзбекстандын вице-премьер-министри Рустам Азимов билдиргендей, келээрки шаршембиде Өзбекстан Эл аралык валюта корунун Хартиясынын 8-беренесине кошулуп, акча алмаштыруу жолундагы бардык тоскоолдуктардан баш тартат. Эл аралык валюта кору мындан эки жыл илгери өзбек өкмөтү экономикалык реформаларды ишке ашырган жок деп, өз өкүлүн Ташкенден чакыртып алган болчу.