Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, аскерлер капчыгайда катылган ири көлөмдөгү баңгизатты мындан эки жума мурда эле табышкан жана андан бери аны кимдир бирөө издеп келеби деп байкоо салышкан. Опурталдуу товарды эч ким издеп келбегендиктен, орусиялык аскерлер тоонун арасына жашырылган 929 кг апийим, 111 кг героин жана 19 кг көкнарды кечээ кечинде камакка алышты.