Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Талас облусунда ундун баасы кескин кымбаттады


ТАЛАС. Кечээтен бери Таластын базарларында ундун кескин кымбатташы элди кооптондуруп, кыжаалат кыла баштады. Бүгүн бир килограмм буудайдын баасы беш сомго чыкты. Бир нече апта мурда бир кап ундун баасы 300 сомдун тегерегинде болсо, бүгүн 500 сомго чейин көтөрүлдү. Анткени мурда Талас облусунун эли коңшулаш Казакстандын Жамбыл облусунун арзан эгини менен тирилик кылып келишсе, эми Казакстан Орусия менен Украинага экспорт жасап, эгиндин баасын көтөрүп жиберди. Кымбатчылыктын дагы бир себеби - таластык дыйкандар быйыл эгинди 4672 гектарга аз айдап, 14700 гектарга төө буурчак өстүрүшкөн. Натыйжада эгин былтыркыдан 12186 тоннага аз жыйналды. Ал эми жалпы өстүрүлгөн 89300 тонна эгинди дыйкандар Түштүк тарапка сатышууда. Эң көйгөйлүү маселе - өрөөндө өстүрүлгөн 30 миң тонна төө буурчакты дыйкандар эки айдан бери сата албай жатышат. Анткени анын баасы так аныкталбагандыктан, дыйкандар ортомчуларга өз продукциясын сатуудан баш тартышууда.

XS
SM
MD
LG