БИШКЕК. 11-18-октябрь аралыгында Малайзияда Ислам Конференциясы Уюмунун X жыйыны өтөт. Жыйындын алкагында бул уюмдун курамындагы мамлекеттердин бизнес-форуму жана тышкы иштер министрлеринин отуруму болгону жатат. Жыйынга катышканы Кыргызстандан Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев баштаган делегация барышы күтүлөт. Делегациянын курамында тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков, тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев болот. Иш сапарынын учурунда Кыргызстандын өкүлдөрү Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад жана бул өлкөнүн парламентинин спикери З. Исмаил мырза менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.