БИШКЕК. Өздөрүн «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөлөрү» деп эсептегендер бүгүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасына, Улуттук коопсуздук кызматына, Юстиция министрлигине жана акыйкатчыга кайрылуу жолдошту. Өз кайрылуусунда алар «комитет мүчөлөрү быйыл 25-августта жыйын өткөрүп, комитеттин башчысы Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиев шайланганын» дагы бир жолу белгилешкен. Кайрылуу ээлери, андан бери бир нече күн өтсө да Р.Дырылдаев комитетке таандык жабдууларды уюмдун жаңы жетекчилигине өткөрбөй, анын атынан эл аралык коомчулука түрдүү маалымат бериши канчалык мыйзамдуу экенин териштирип берүүнү укук коргоо органдарынан өтүнүшкөн. «Эгерде Р.Дырылдаев жакынкы күндөрү комитетке тиешелүү буюдарды өткөрүп бербесе, биз аны сотко беребиз», - деп кошумчалады өзүн комитеттин төрагасынын орун басары катары эсептеген Рыскелди Момбеков «Азаттыктын» кабарчысына. Азыркы тапта Рамазан Дырылдаев да, Болот Тыналиев да өздөрүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мыйзамдуу төрагасы катары эсептешет.
Өздөрүн «Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөлөрү» деп санагандар Рамазан Дырылдаевди сотко берүүнү көздөп жатышат