Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны болот


БИШКЕК. 8-11-октябрда Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын төртүнчү отуруму болот. Ага катышканы бүгүн Бишкектен тышкы иштер министринин орун басары Лилия Иманалиева жетектеген делегация жөнөп кетти. Тажикстандын борборундагы бул отурумда тараптар эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоонун принциптерин аныктоого аракет кылат. Бул тууралуу маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ иштери боюнча башкармалыгынан алынды. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, эки өлкөнүн чек арасында өтө кылдат мамилени талап кылган талаш жерлер Баткен облусунун аймагына туура келет.

XS
SM
MD
LG