Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Франкфуртта китеп жарманкеси өтүп жатат


Шейшемби күнү ачылган жарманкеге 104 өлкөдөн 6600 басмакана катышууда. Көргөзмөнүн көпчүлүккө жакшы белгилүү болгон Тынчтык сыйлыгы 12-октбярда Сюзан Зонтагга ыйгарылат. Ал АКШ менен Европанын ортосундагы "интеллектуалдык элчилик" кызматы жана адам укуктары үчүн күрөшү үчүн ушундай сыйга татып отурат.
Көргөзмөнүн маалымат катчысы Холберг Эхлинг компакт диск, интернет, компютер оюндары жана башка жаңы көрүнүштөргө карабастан, китеп окуган эл дагы деле көп экенин бышыктады жана буларды кошумчалады:

– Китеп жарманкесинин өзүнүн стандарттары бар, калың калкты кызыктыруучу чараларды ойлоп табыш керек. Ошондо китеп басуучулар элди китепке кызыктыруу мүмкүн экенине ынанышат.

XS
SM
MD
LG