Баш калаа Афинада жүздөгөн кесиптештеринин нааразылык акциясын кууп таркатуу үчүн Грекиянын атайын полициясы ушундай чара колдонду.
Бийликтердин айтымында, бүгүн таң заарында финансы министрлигинин алдында орун алган кагылышууда кеминде бир демонстрант жарадар болду.
Полиция кызматкерлери, ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр жана чек ара күзөтчүлөрү кокустук төлөмдөрү жана жөлөк пул көйгөйлөрү менен демонстрацияга чыгышкан. Үстүбүздөгү айда Грекияда дарыгерлер, мектеп жана университет мугалиндери жана башка мамлекеттик кызматкерлер айлык-маяналарды көбөйтүү талабы менен иш ташташкан. Грекияда учурда социалисттик өкмөт бийликте турат.