Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:59

Тажикстандын мыйзамгерлери Кошмо Штаттары менен түзүлгөн Кылмыш сотунан алакчылоочу келишимди жактырышты


Келишимде Тажикстан менен Кошмо Штаттары бири-биринин атуулдарын Эл аралык Кылмыш сотунан коргоого милдеттенишет. Кечээки добуш берүүдөн кийин тажик парламентинин коопсуздук комитетинин төрагасы Абдулло Хабибовдун биздин кабарчыга билдиришинче, Кылмыш сотунан алакчылоочу эки тараптуу келишим Вашингтон менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы алакалардын бекемделип жаткандыгын айгинелейт.
Кошмо Штаттары бүгүнгө чейин мындай келишимге 62 өлкө менен, анын ичинде Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан менен кол койду.
Эл аралык Кылмыш соту – геноцидди, адамзатына каршы кылмыштарды жана согуш кылмыштарын карай турган эң алгачкы туруктуу сот.

XS
SM
MD
LG