Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Евробиримдик Израилди эл аралык мыйзамдарды сыйлоого чакырды


Биримдиктин тышкы саясатын тейлеген Хавиер Солана бүгүн Европарламенттин пленардык жыйынында чыгып сүйлөп, мындай деди:

– Израилдин өкмөтү башкы милдеттерин аткарып, жөөт айылдарын жана 1967-жылкы чектен өтүп, (палестин аймактарына) тереңдеп кирген дубал курууну токтотуп, кишилерди тандап жок кылуу саясатынан баш тартып, эл аралык мыйзамга каршы келген башка чараларды токтотушу керек.

Анын аралыгында, Батыш Жээктеги Израилдин текшерип-өткөрүү бекетиндеги жардыруудан эки киши жараат алды.
Израилдин мамлекеттик үналгысынын маалымдашынча, жанкечти кыз Тулкарем шаарында өзүн өзү жардырып жиберди. Чабуулду ким уюштурганы азырынча белгисиз.
Ушул күндөрү Израиль Батыш Жээкке жана Газа тилкесине кошумча аскер жайгаштырып жатат.
Бүгүн палестин парламенти жаңы кабинеттин курамы боюнча добуш бербей калды. Бир ай иштей турган чукул кабинеттин курамы жекшембиде жарыяланган эле.

XS
SM
MD
LG