БИШКЕК. «Учкун» басма үйүнөн мамлекеттик жана коомдук ишмер Анарбек Бакаевдин өмүрү менен ишмердигине арналган китеп жарык көрдү. «Генерал Бакаев» деген аталышта чыгарылган бул китепке аны менен бирге иштегендердин, жоро-жолдошторунун, тууган-уруктарынын эскерүүлөрү, маркумдун тирүү кезинде маалымат каражаттарынде жарык көргөн маектери, макалалары, жыйындарда чыгып сүйлөгөн докладдары кирген. Анарбек Бакаев Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ боло электе жооптуу партиялык кызматтарда, ал эми 1990-жылдан кийин өлкөнүн билим берүү министри, мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы болуп иштеген. Генерал Анарбек Бакаев 1996-жылы жол кырсыгына учурап, 1998-жылы каза болгон.