Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Эл өкүлдөр жыйынында «өкмөттүк саат» өттү


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы өз ишин улантты. Депутаттар Ысыккөл облусунда түшүм жыйноонун абалы боюнча премьер-министр Николай Танаевдин маалыматын угушту. Анын айтымында, облуста бир аптанын ичинде түшүм жыйналып бүтөт. Н. Танаев күйүүчү-майлоочу материалдарынын баасы жогорулап кеткендигине байланыштуу алар менен дыйкан-фермерлерди камсыз кылуу кыйын болуп атканын да маалымдады. Палата бүгүнкү отурумунда мамлекеттик материалдык резервдерге, ундун кымбатташына байланыштуу маселелерди да талкуулады. Өкмөт башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнүн корунда 90 миң тонна буудай бар. Республикада быйыл буудайдын түшүмү былтыркыдан 150 миң тоннага аз алынды. Депутаттар жыйында Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди да карашты.

XS
SM
MD
LG