ОШ. Каракулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн Күйөөташ кыштагынын тургуну Камалов Азимжандын мектепте окуган кыздары Чоңдөбөө жайлоосунан колдоруна автомат, тапанча кармаган, камуфляж кийген, сакал коюнган чоочун үч адамды көрүшкөн. Бул туурасында жергиликтүү бийлик органдары кабарлашкан. Натыйжада Каракулжа районунун борборунан жана Оштон милициянын жана Улуттук коопсуздук кызматынын жүзгө жакын кызматкери кошумча күч катары барып, жергиликтүү элдин өкүлдөрү менен кошо жер-жерлерде эки күндүк издөө иштерин уюштурушту. Бирок андай шектүү адамдардын дайны табылган жок. Бүгүн Каракулжа райондук мамлекеттик акимчилигинен алынган маалымат боюнча, азыр деле Алайкуудагы чек ара заставалары, милиция кызматкерлери, жергиликтүү элден уюшулган кошундар мерчемдүү жерлерди аңдууга алып, ары-бери өткөндөрдү толук каттоодо.