Бүгүн "Файненшл Таймс" гезитинде жарыяланган интервьюсунда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохамед эл-Барадейи өткөн аптада Иранга барышкан эл аралык инспекторлор өзүлөрү каалаган жайларды кыдырып текшерип, Ирандын бийликтеринен жаңы маалыматтарды алып жатышканын айткан. Ошол эле учурда ал Ирандын бул тармактагы ишмердиги тууралуу айрым маалыматтар али тактала электигин кошумчалай кеткен. Ирандын президенти Мохаммад Хатами Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен бардык багыттарда кызматташууга даяр экенин билдирген.
МАГАТЭнин жетекчиси Иран өзүнүн өзөктүк программасы тууралуу толук маалымат берээрине үмүт кылат