Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Эл аралык трибунал мурдагы Югославиядагы кан төгүүлөрдүн жаңы айыпкерлерин атайт


Бириккен улуттар уюмунун мурдагы Югославия боюнча аскерий трибуналынын башкы прокурору Карла дел Понте келээрки жылдын аягында трибунал дагы 30 кишиге олуттуу кинелерди такканы жатканын билдирди. Кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн баш прокурор экс-Югославиянын аймагында 1991-жылдан 2001-жылга чейин болгон кагылышуулар маалындагы коркунучтуу кылмыштар тергөө иштеринин улантылышын талап кылууда деп белгиледи. Ал кылмыштарга байланыштуу дагы кимдер жоопкерчиликке тартылаарын Карла дель Понте чечмелеп айткан жок. Бирок, Хорватия, Сербия, Черногория жана Боснияны эл аралык трибунал менен начар кызматташып жатат деп айыптады.

XS
SM
MD
LG