Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Ахмад Кадыров Чеченстандагы коопсуздукту жумурияттын ички иштер министрлиги көзөмөлдөйт деп билдирди


Чеченстандын жаңыдан шайланган президенти Ахмад Кадыров жумурияттагы кырдаалды эми жергиликтүү ички иштер министрлигинин аскерлери күзөтөт деп билдирди. Москвага сапарлап барган Кадыров Чеченстандагы жагдай ал жердеги коопсуздук күчтөрү арасындагы башаламандыктан улам начарлап, бөөдө чыгым, жоготууларга алып келип жатканын белгиледи. Кремль Чеченстандагы кырдаал үчүн жоопкерчиликти Орусиянын ички иштер министрлигине жүктөгөн. Өткөн жекшембиде эл аралык коомчулук катуу сындаган президенттик шайлоодо жеңген чечен лидери Кадыров Чеченстанда катардагы атуулдарды уурдап, өлтүрүп жаткан кара чүмбөтчөн белгисиз адамдардын дайын-дареги такталбаган бойдон калып жатканына көңүл бурду.

XS
SM
MD
LG