Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Тынчтык жаатындагы быйылкы Нобел сыйлыгы Ирандык адвокат Ширин Эбадиге ыйгарылды


Норвегиядагы Нобел комитети бул жаңылыкты жарыялап жатып, Ирандык юрист балдардын жана аялдардын укуктарын эржүрөк коргоп келатканы үчүн сыйланганын белгиледи. Ширин Эбади айым жума күнү Парижде өткөн пресс-конференцияда Ирандын бийликтерин саясий туткундарды эркиндикке чыгарууга үндөп, адам укуктары үчүн күрөштү ирандыктар өзүлөрү жүргүзөт деп басым жасады. "Ар бир мамлекеттин адам укуктары жөнүндөгү жеке түшүнүгү, концепциясы бар, ар бир улут өз өлкөсүндө адам укуктары үчүн күрөшүп келет. Биз да Иранда кайсы бир чет мамлекеттин жардамы менен адам укуктары орнотулушун каалабайбыз, бул жүктү биз өзүбүз көтөрөбүз", - деди Эбади айым. Ирандык укук коргоочуну Нобел сыйлыгынын былтыркы ээси, АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер, Франциянын президенти Жак Ширак жана башка лидерлер куттукташты. Иран өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Абдолла Рамазанзаде бул жаңылык өтө кубанычтуу кабар болгонун жарыялап, кийинчерээк бул анын жеке пикири экенин тактады.

XS
SM
MD
LG