Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

КЕЛЭЭРКИ АПТАДА ӨЗБЕК СУМУНУН ЭРКИН ЖҮГҮРТҮЛҮШҮ КҮТҮЛҮҮДӨ


Аманбек Дилденбай, Прага шаары Өзбекстан өзүнүн улуттук акчасы – сумду келээрки шаршембиден тартып толугу менен эркин жүгүртүүгө өткөрөөрүн жарыя кылды.

Октябрдын 8инде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Руслан Азимов басма сөз жыйынын өткөрүп, өлкө Эл аралык валюта коруна (IMF) берген убадасын аткарып, эми улуттук акчасын эркин жүгүртүүгө камынып жатканын айтты. Бул тууралуу Өзбек өкмөтү менен Борбордук банкы Эл аралык валюта коруна кат жолдогон:

- Бул каттын мазмуну мындай: биз мойнубузга алган милдеттенмени 15-октябрдан тартып аткарабыз. Өзбекстандагы акча жүгүртүү эл аралык валюта корунун 8-беренесине ылайык жолго коюлат.

Ошентип, расмий Ташкен күнү бүгүнкүгө чейин сакталып келген үч баскычтуу акча жүгүртүү тажрыйбасынан баштартмакчы. Буга чейин эле өкмөт кабыл алган чечимдердин бирине ылайык, атуулдар менен фирмалардын валюта сатып алуусуна коюлган чектөө алынып салынган.

Азимов мырза акча жүгүртүүдөгү өзгөрүү инфляциянын кескин өсүшүнө алып келбестигин, анын быйылкы деңгээли 8,5 пайыздан жогору болбой турганын айтты.

Арийне өзбек суму эми эркин нукка түштү го деп бир беткей айтуу да опурталдуу. Маселен тээ 2000-жылы эле президент Каримов улуттук акчаны эркин жүгүртүүгө убада кылган. Ал сөзүнө турбаган соң, эл аралык кору Ташкендеги кеңсесин 2001-жылы апрелде нааразылык ирээтинде жаап салган. Былтыр да Ташкен эки жолу убада кылып, бирок бул реформаны мөөнөтүндө жүргүзүүдөн баш тарткан болчу.

Ушул тапта Борбор Азияда Өзбекстандан тышкары Түркмөнстан гана улуттук акчаны эркин жүгүртүүгө батынбай келет. Эки өлкөдө тең эски буйрукчул башкаруу системасы өкүм сүрүүдө.

Эл аралык Валюта корунун Өзбекстандын өкүлчүлүгүн жетектеген Эрик Де Врийер мырза Ташкендин монетардык саясаттагы соңку кадамын экономикалык турмуштагы олуттуу саамалык катары баалаарын, бирок реформа муну менен чектелбеши керектигин да быйыл июль айында эле эскерткен:

- Акчаны эркин жүгүртүү - Өзбекстан үчүн олуттуу кадам. Бирок бул чара өзбек экономикасы кириптер болгон көйгөйдүн баарын чечип бере албайт.

Эл аралык валюта корунун өкүлү Де Врийер өлкөдөгү башка экономикалык көйгөйлөр да көмүскөдө калтырылбастан, иштиктүү чечилиши керектигин баса белгилейт.

Укук коргоочулар менен бозгунчулуктагы оппозициячыл саясатчылар болсо расмий Ташкенден демократиячыл багтыттагы саясий реформаларды жүзөгө ашырууну, мамлекеттик түзүлүштү либералдаштырууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG