ЖАЛАЛАБАД. Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгү 11-октябрда өткөргөн чогулушка укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Жыйында курамы жети адамдан турган Демократиялык коомдук кеңеш түзүлүп, анын максат, милдеттери белгиленди. Коомдук кеңеш аткарган иштерин ай сайын маалымат каражаттарына билдирип турмакчы.