Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Ноябрда социалдык төлөмдөр боюнча карыз жоюлабы?


БИШКЕК. Өлкөнүн Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги социалдык жөлөк пулдар боюнча карыздарынан ноябрь айында толугу менен кутулушу ыктымал. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 612 млн. сом акча талап кылынат. Мындай маалымат ишембиде Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинен алынды. Учурда социалдык жөлөк пул үй-бүлөнүн ар бир мучөсүнүн кирешеси 140 сомдон аз болгон үй-бүлөлөргө төлөнөт. Министрлик тарабынан өлкө боюнча 58 миң кембагал үй-бүлөнүн тизмеси аныкталган. Ага ылайык республика боюнча учурда 522 миң адам социалдык жана мамлекеттик жөлөк пулдарды алат. Министрлик ПРООН менен бирдикте мындай үй-бүлөлөрдү кедейчиликтен чыгаруу боюнча атайын программаларды иштеп чыккан. Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү - 375 сом. Ал эми бирдиктүү берилүүчү жөлөк пул - 98 сом. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны жума күнкү отурумунда өкмөткө 2003-жылдагы төлөмдөрдөн толугу менен кутулууну тапшырган токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG