БИШКЕК. Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынышы керек. Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунa мүчө мамлекет катары өлүм жазасын колдонбогон өлкөлөрдүн катарын толуктоого тийиш. Буга эл аралык укук коргоо уюмдарынын көмөгү зарыл. Мындай пикирди Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Варшавада өтүп жаткан жыйынында кыргызстандык укук коргоочу Валерий Улеев билдирди. Бул жөнүндө Варшавадагы жыйынга катышкан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун төрагасы Эдил Байсалов бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Валерий Улеевдин эсеби боюнча, Кыргызстанда учурда өлүм жазасына тартылган 300гө жакын адам түрмөлөрдө кармалууда. Алар буга чейин бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу сот өкүмүн жүзөгө ашырууну өтүнүп кайрылышкан. Анткени, өлүм жазасына тартылгандар убактылуу абактардын атайын бөлмөлөрүндө адам чыдагыс шарттарда отурушат. Алардын арасында кургак учук менен оoругандар жана андан каза болгондор да аз эмес. Кыргызстанда 1998-жылы Адам укугу боюнча Декларациянын кабыл алынганынын 50-жылдыгына карата өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Андан бери ал мораторий президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен жыл сайын узартылып келет.