Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

23-октябрда Кант авиабазасы Орусиянын жана Кыргызстандын президенттеринин катышуусунда ачылышы күтүлүүдө


БИШКЕК. 10-октябрдан тартып Орусия Кант аба майданын өткөрүп алууну баштады. Мындай иш-чара 20-октябрга чейин бүткөрүлөт. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Мирбек Койлубаевдин айтымында, 23-октябрда «Кант» авибазасынын ырасмий ачылышы болот. Ага Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Кант аба майданы тууралуу келишимге үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында Москвада кол коюлган. Ага ылайык Кыргызстандын аймагына 500дөй орусиялык аскер жана 20дан ашуун аскер учактары жайгаштырылат.

XS
SM
MD
LG