Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Дүйшөнбү шаарында кыргыз-тажик чек ара жыйыны аяктады


БИШКЕК. Кыргыз-тажик чек арасын тактап мыйзамдаштыруу (делимитациялоо) боюнча өкмөт аралык комиссиянын Дүйшөнбү шаарында өткөн төртүнчү жыйыны өз ишин аяктады. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева маалымдады. Анын айтымында, тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоонун принциптерин талкуулашты. Чек араны аныктап-тактоо менен чек коюу кайсы келишимдер менен карталарга негизделе тургандыгы бир топ талаш-тартыш жаратты. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн маалыматына караганда, эки өлкөнүн чек арасында өтө кылдат чечүүнү талап кылган талаш жерлер Кыргызстандын Баткен облусуна туура келет. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара боюнча расмий сүйлөшүүлөр былтыр башталган. Бул боюнча кыргыз-тажик комиссиясынын кезектеги бешинчи отуруму Бишкекте өтүшү күтүлөт.

XS
SM
MD
LG