ЕРЕВАН. Армениянын баш калаасы 2 785 жылдык мааракесин белгилеп жатат.Салтанаттар бир нече күнгө созулмакчы. Жашы боюнча байыркы даңазалуу Рим жана Карфагенге тең келе алаарын жар салып жаткан шаарда фото көргөзмөлөр, фестивалдар менен ойун - зооктор жана "Менин Ереваным" деген темадагы адабий чыгармалардын конкурсу өткөрүлөт. Жекшемби күнү шаарда парад болуп, чоң концерт берилет.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага