КЫЕВ. Бүгүн Укранынан президенти Леонид Кучма Ливияга төрт күндүк расмий визитин баштоодо. Визиттин максаты, – эки өлкөнүн мунай өндүрүү жана авиация тармагындагы кызматашуусун өөрчүтүү. Кучманы өлкөнүн Тышкы жана унаа министрлери, ошондой эле жоон топ ишкерлер коштоп жүрүшөт. Президент Кучма Ливиянын мамлекет башчысы Муаммар Кадафи менен жолугушат. Ал ошондой эле Укранынын “Нафтогаз” компаниясынын Триполидеги кеңсесинин расмий ачылуу аземине катышат. Кучма Ливияга расмий визит жасаган алгачкы украин мамлекет башчысы.