Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Индонезияда Балидеги террордук чабуулдун бир жылдыгы белгиленет


ДЕНПАСАР. Бүгүн Австралиянын премьер-министри Балидеги террордук кол салуунун бир жылдыгын белгилөөгө катышуу үчүн Индонезияга келди. Былтыр 12-октябрда Балидеги түнкү клубда жарылган бомбадан 202 киши, анын ичинде, 88 австралиялык жаран курман болгон. Өлгөндөрдү эскерүү жөрөлгөсүнө катышуу үчүн Индонезияга жүздөгөн австралиялыктар жол тартууда. Бирок калк ичинде террордук кол салуунун ыктымал кайталануусунан чочулагандар арбын. Балинин полиция башчысы Маде Маңку Пастика мындай деп билдирди:
- Коопсуздук жагдайы кадимкисиндей нормалдашты. Мен Балиге күн сайын көптөгөн адамдар, күнүнө төрт миңге чейин турист келип атканына өзүм күбөмүн. Абал кадимкидей коопсуз.
2002- жылы 12-октябрда жасалган кол салуунун артында “Жамаа Исламия” деген топ тургандыгы аныкталып, бир нече киши жазага, анын ичинде, үч негизги кылмышкер өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG