ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Чеченстанда ок атышуулар уланууда

ГРОЗНЫЙ. Чеченстанда россиялык аскерлер менен чечен согушкерлеринин өз ара кагылыштары уланууда. Чечен администрациясынын айтымында, өткөн 24 сааттын ичинде жумуриятта россиялык 4 жоокер курман болуп, 12си жараат алды. Грозныйда жарылган минадан россиялык 6 милиционер жарат алды. Орусиянын аскердик өкүлү өткөн 24 сааттын ичинде жумуриятта бир чечен козголоңчусу курман болуп, үчөө колго түшкөнүн билдирет.
​
XS
SM
MD
LG