КУАЛА ЛУМПУР. Малайзияда Ислам Конференциясы Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн чогулушу өтүүдө. Уюмдун баш катчысы Абделвадех Белкесиздин айтымында, мусулмандар тартылган баардык жаңжалдар, анын катарында, Ирак жана палестин аймактарындагы абал чогулуштун борборунда болот. Жыйында ошондой эле уюмдун Малайзияда келээрки жумада боло турган саммиттине даярдык көрүү маселеси да талкууланат. Саммит учурунда Ирак менен Ооганстан эл чарбаларын калыбына келтирүүгө жардам сурашмакчы. Саммитке Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан келет күтүлүүдө.