ДАМАСК. Сириянын тышкы иштер министрлиги эгерде Израил өткөн аптанын соңундагыдай кол салууларды уланта берсе, Сирия коргонууга мажбур болоорун билдирди. Бул жөнүндө Дамаскта өткөн пресс-конференцияда министрликтин өкүлү Бушра Кананфани айым маалымдады. Өткөн жекшембиде Израилдин аскердик учактары Сирияда жайгашкан палестин согушкерлеринин лагерлерине сокку урган. Сирия өлкөнүн аймагында палестиндирдин лагерлери бар экенин төгүндөйт. Бирок Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Мейр Израил террордук уюмдарга баш баана берип жаткан өлкөлөрдү бутага алууга укуктуу деп билдирди. "Террорчуларды жаап-жашырган өлкөнүн өзүн коргоого укугу жок",- деди министр.