Түндүк Кореядагы өзөктүк куралдарды иштеп чыгуу проблемаларына байланыштуу ар тараптуу сүйлөшүүлөр Кытай бийлигин үмүттөндүрөт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ли Чжаосинь кечээ күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.
Пекинде август айынын аягында өткөн Түндүк жана Түштүк Корея, АКШ, Кытай, Орусия жана Жапон мамлекеттери катышкан сүйлөшүүлөрдүн биринчи отуруму конкреттүү жыйынтыктарды алып келген эмес. Түндүк Корея учурда өзөктүк куралы бар экенин ырастоодо.
Сүйлөшүүнүн калган катышуучулары Пхеньянды өзөктүк куралдан баш тартуусун ынандырууга аракет кылышууда.
Аманбек Дилденбай, Прага