Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

Индонезиянын Бали аралындагы терактка туура бир жыл толду


12-октябрда Индонезиянын Бали аралындагы терактка бир жыл толду. Өткөн жылдагы түнкү эс алуу жайындагы жардыруудан 200дөн ашуун адам набыт болгон эле. Алардын көпчүлүгү чет элдик туристтер болушкан.
Австралиянын премьер-министри Жон Ховард Балиде бейкүнөө курман болгондорду аза күтүп эскерүү жөрөлгөсүнө катышты. 12-октябрдагы терактта Австралиянын 88 атуулу кайтыш болгон. Австралияда Бали трагедиясында курман болгондорду эскерип, чиркөөлөрдө атайын зыяпат өткөрүлдү. Балидеги жардыруунун жоопкерчилиги “Жемаа Исламия” экстремисттик тобуна таңууланган. Анын бир нече мүчөлөрүнө айып тагылып өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG