Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди Египеттин президенти Хосни Мубарак менен сүйлөштү


Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди Египеттин президенти Хосни Мубарак менен болгон сүйлөшүүдөн кийин экөө тең Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карата пессимистик көз карашта экенин билдирди.
Проди Каирдеги жолугушуудан кийин Мубарак Жакынкы Чыгыштагы окуялардын өнүгүшүнө карата анын “терең пессимизмин” бөлүшөөрүн айтты Палестинанын премьер-министрлигине жаңыдан көргөзүлгөн Ахмед Корейи, ал утурумдук өкмөттүн башчысы катары дагы үч жума гана иштээрин билдирди. Корей бүгүн Рамаллла шаарында жасаган билдирүүсүнө караганда, үч жума ичинде жаңы өкмөт түзүлүп аны жаңы премьер-министр жетектейт.
Ахмед Корейини палестинанын президенти Ясер Арафат утрумдук өкмөттүн башчысы кылып бир жума мурда дайындаган эле.

XS
SM
MD
LG