Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Ооганстанда саясий партиялар тууралуу мыйзам күчүнө кирди


Куралдуу топторго жана куралдуу күчтөргө партия түзүүгө тыйуу салган мыйзамга президент Хамид Карзай ишемби күнү кол койду. Мындан ары саясий партияларга чет элден каражат алууга, жеке адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине коркунуч келтирүүгө жана коомдук тартипти, коопсуздукту атайылап бузууга да тыйуу салынат.
АФП агенттигинин маалыматына ылайык, мыйзамда ошондой эле саясий партиялар исламдын жоболоруна каршы иш алып бара албай турганы айтылат. Кечээ Ооганстанда президент Карзайды сындаган гезиттин жабылганы кабарланган эле.

XS
SM
MD
LG