Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Бремер Багдаддагы жанкечтилердин бомба чабуулун айыптады


Багдаддын чок ортосундагы чоң мейманкананын алдында кечээ эки машина жарылып, кеминде алты киши набыт болду. "Коалиция күчтөрүн жана ирак элин бул жардыруу коркута албайт", - деди АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер. "Багдад" мейманканасында негизинен Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана коалициялык офицерлер токтошот.
Кырсык болгон жерден Азаттыктын кабарчысы буларды билдирди:

– Жардыруу жайын америкалык аскерлер курчап алышты. Америкалык согуштук тикучмалар мейманкананын үстүнөн тынбай учуп жатышат. Набыт болгондордун сөөгүн желим баштыктарга салып, чыгарышууда. Мейманкананын үстүндө кою түтүн көтөрүлдү.

Каза болгондор ирак жарандары экендиги кабарланууда. Жараат алгандар да бар.

XS
SM
MD
LG