ОШ. Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы бүгүн чыгарылды. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлсүн Базаеванын маалыматына караганда, шаар боюнча 123410 шайлоочунун ичинен 77491 адам же шайлоочулардын 62,8% добуш беришти. 93 талапкердин ичинен 30 депутат алдыга чыгышты.