БИШКЕК. Быйыл кыргыз мусулмандары үчүн Орозо айы 26-октябрда башталып, 24-ноябрда соңуна чыгат. 25-ноябрда Орозо айт, ал эми 2004-жылдын 1-февралында Курман айт майрамдары өткөрүлөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан алынды. Битир-садаганын наркы орточо эсеп менен 1 кило 600 грамм буудай өлчөмүндө белгиленди.