Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин каттоо туурасында Юстиция министрлигинин жетекчилери түрдүү пикирде


БИШКЕК. «Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүлгөн жок. Ал эми комитеттин төрагасы ким экендигин аныктоо уюмдун мүчөлөрүнүн өз иши», - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында юстиция министри Курманбек Осмонов. Быйыл 28-сентябрда юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаевдин колу коюлган маалымат таратылган. Анда Болот Тыналиев башында болгон Адам укуктары боюнча кыргыз комитети Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине кайра катталгандыгы маалымдалган. Өздөрүн бул комитеттин мүчөлөрү катары эсептеген адамдар быйыл 25-августта жыйын өткөрүп, комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевди шайлашкан. Ал эми азыр Венада жашаган укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин айтымында, Болот Тыналиев баштаган топ комитеттин мүчөлүгүнөн мындан бир нече жыл мурун чыгарылгандыктан, алардын мындай аракети мыйзамсыз.

XS
SM
MD
LG