Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

А.Акаев элге кайрылат, А.Бөрүбаев Ислам Конференциясы Уюмунун жыйынына барат


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Жогорку Кеңештин кош палатасынын биргелешкен отуруму болот. Парламенттен алынган маалыматка караганда, бул отурумда президент Аскар Акаев Кыргызстандын калкына салттуу кайрылуу менен чыгышы күтүлөт. Ушул эле күнү Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Ислам Конференциясы Уюмунун X саммитине катышып, сөз сүйлөш үчүн Малайзияга жөнөп кетет. Кыргыз делегациясынын иш сапары учурунда аларды Малайзиянын премьер-министри жана парламентинин төрагасы кабыл алып, эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашмакчы. Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү маалыматына караганда, саммитке катышканы буга чейин тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков жана тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев кетишкен. Ислам Конференциясы Уюмунун 11-октябрда башталган X саммити 18-октябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG