Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Ирандык журналист Аббас Абдинин жактоочулары нааразылык акциясын өткөрдү


Бүгүн Бириккен Улуттар Уюумунун Тегерандагы кеңсесинин жанында журналист Аббас Абдинин кызы баштаган 10 чакты адам аны абактан бошотууну талап кылып, Ирандын бийликтерине кысым көрсөтүү максатында, нааразылык акциясын өткөрүштү.
Абди апрель айында элди Ислам республикасына каршы үгүтөөдө жана чет өлкөлүк өкмөттөр менен кызматташууда деген айып тагылып ал 4 жарым жылга кесилген. Журналист ирандыктардын төрттөн үч бөлүгү АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жандантыш керек деп эсептейт деген мазмундагы сурамжылоону жарыялагандыгы үчүн сот жообуна тартылган.
Кечээ журналисттин адвокаты Абдиден жашыруун документтер табылгандыгы үчүн сот жаза мөөнөтүн дагы 5 жылга узартканын билдирди.

XS
SM
MD
LG